Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Украина чыгышында төрт жайкын тургун ок атышууда каза болду


Төрт жайкын тургун Донецк облусундагы Авдеевка шаарында орусиячыл жикчилдер менен ок атышууда каза болду. Бир киши оор акыбалда ооруканада жатат. Ок атышуу 14-майга караган түнү болгон. Снаряд турак үйдүн короосуна түшкөн. Анда жаш балдар болгону, бирок жабыр тартышпаганы айтылууда. Украин тартип коргоо органдары окуяны теракт деп атап жатышат. Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алгандар Авдеевкадагы ок атууну бийликтин чагымы деп айтышууда.

Акыркы бир суткада жикчилдер Донбасста ок атышууну токтотуу келишимин 60тан ашуун жолу бузган. Андан төрт украин аскери каза болду. “Донецк элдик республикасы” ок чыгарды деп Киевди күнөөлөп жатат.

Донбасста акыркы үч жылда эки миңдей жайкын тургун, эки жарым миңден ашуун аскер адамдары каза болгон. Расмий Киев менен Батыш жикчилдерди колдойт деп Орусияны айыптоодо. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG