Кыргызстанда убагында алимент төлөбөгөн 533 киши издөөдө жүрөт. Алардын ону аялдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Жанболот Бейшенов билдирди. Анын айтымында, алимент үчүн издөөдө жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү (185) Жалал-Абад облусунун тургундары. Кийинки кезекте Ош облусу турса (142), эң аз Ысык-Көл (4).
Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жана ажырашуудан кийин белгиленген суммада балдарына алимент төлөө милдеттемеси сот тарабынан чечилет.
2015-жылы парламент алимент төлөөдөн качкан ата-энелердин карызынын өлчөмүн үч эселеп кайтарып алуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. (КЕ)