Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Бишкекте балдар коопсуздугуна карата он күндүк акция башталды


Бишкектеги автоунаалар.
Бишкектеги автоунаалар.

Бишкек шаарында балдырдын жолдогу коопсуздугуна арналган он күндүк акция башталды. Бул жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси экенин "Балдарды коргоо лигасы" уюмунун төрайымы Назгүл Турдубекова "Азаттык" радиосуна билдирди.

15-майдан 25-майга чейинки өнөктүк соңку күндөрү балдарды машине коюп кеткен окуялар көп катталгандыктан улам уюштурулууда. Акыркы коңгуроого чейин мектептерге жакын жерлерде колуна кызыл желекче кармаган ыктыярчылар окуучулардын жолдон нары-бери өтүүсүнө көмөктөшөт. Андан тышкары, мугалимдер да майда класстагы балдарды жолдон өтүүсүн көзөмөлдөйт.

Бишкекте соңку күндөру балдарды мектепке бараткан же кайткан учурда машине коюп кеткен окуялар көп катталууда. Айрымдары жеткинчектердин өлүмү менен аяктады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 27-апрелдеги жыйында өлкө аймагында жол кырсыгынын кесепеттери коркунучтуу чекке жеткенин айтып, тийиштүү органдарды маселеге олуттуу көңүл бурууга чакырган. (SE)

XS
SM
MD
LG