Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Приштинада журналист Арбана Ксарра сабалды


Арбана Ксарра.
Арбана Ксарра.

Косовонун башкалаасы Приштинада жакында саясий партиялардын бирине кошулган журналист Арбана Ксарраны өз үйүнөн алыс эмес жерде сабап кетишкен. Журналист ооруканага жаткырылды. Ал Демократиялык партиянын курамына киргенге чейин “Зерри” гезитинде редакторлук кызматты аркалаган. Полиция журналисттин абалы туруктуу экенин кабарлаган. Азырынча кол салгандардын кармалган-кармалбаганы тууралуу маалымат айтыла элек.

Мурдарак Арбана Ксарранын 11-июнда өтө турган парламенттик шайлоого катышары тууралуу маалымат чыккан. Журналист Косоводо коррупцияга катыштыгы бар делген саясатчыларды сындаган жана диний экстремизмге байланыштуу макалалары менен белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG