Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Кыргызстанда бүгүн аналог телекөрсөтүүлөр өчүрүлөт


Кыргызстанда бүгүн аналог телекөрсөтүүлөр өчүрүлүп, мамлекет санарипке өтөт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, калктын 86% санарипке кошулду.

Телекөрсөтүүлөрдү сапаттуу жеткирүү үчүн өлкө боюнча 54 жерге ретранслятор орнотулду. Бирок сигнал жетип бара элек 326 айылда жабдуулар орнотулганча аналог телекөрсөтүү сакталып турат. Бул кыштактар ойдуң жерлерде, капчыгайларда жайгашкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG