Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

Eurovision сынагында бейбаштык кылган жаран кармалды


Украина полициясы Eurovision сынагында сахнага чуркап чыгып, бейбаштык кылган жаранды кармады. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, колго түшкөн адамдын аты-жөнү Виталий Седюк. Ал 72 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен беш жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.

Ал Eurovision сынагынын соңунда былтыркы жеңүүчү, ырчы Жамала ырдап жаткан учурда сахнага чыгып, шымын чечип алып артын элге көргөзгөн.

Күч органдарынын маалыматына караганда, Седюк буга чейин да ушундай жоруктарды жасаган. 2012-жылы Москавада фильм преьмьерасы учурунда актер Уилл Смитти өпкөнгө аракет кылган. 2013-жылы "Гремми" сыйлыгын тапшыруу маалында британиялык ырчы Аделдин колунан микрофонду тартып алган.

Eurovision ыр жарышы Киевде 13-майда жыйынтыкталып, биринчи орунду португалиялык Сальвадор Собрал жеңди.

XS
SM
MD
LG