Ош шаарындагы карусель кырсыгын милиция иликтеп жатат. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кулаган каруселди ижарага берген адам жана Навои эс алуу багынын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүү, тактоо иштери жүрөт.
Адамдардын ден-соолугуна зыян келтирген бул кырсыкка байланыштуу кылмыш ишин ачуу же ачпоо боюнча азырынча маалымат жок.
14-майда кечки саат бештерде Навои эс алуу багында карусель кулап, расмий кабарга ылайык, сегиз киши жабыркады. Анын төртөө ооруканага жатты. Биринин абалы оор, реанимацияда жатат. (SE)