Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:42

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында он алты адам тамак-аштан ууланды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркагандар "Эркин Дыйкан" кафесинен түштөнгөн соң 13-майдын түнү уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. Алардын баары Тогуз-Торо районунун тургундары. Казарманга спартакиадага келгени белгилүү болду. Учурда уулангандардын баары тиешелүү медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан чыгарылган. Текшерүү учурунда аталган кафеде санитардык жана азык-түлүк сактоо эрежелери бузулганы аныкталып, анын ишин токтотууу тууралуу райондук санитардык дарыгердин токтому чыкты. Жарандардын эмнеден ууланганы иликтенүүдө.

Республика боюнча быйыл жыл башынан бери тамак-ашка ууланган 30дан ашык учур катталып, 70тен ашык адам жабыркаган. 2016-жылы тамактан ууланган сегиз адам каза тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG