Алар Пхеньян баллистикалык ракетасын кайрадан сынашын “эл аралык тычтыкка жана коопсуздукка коркунуч” деп аташты.
Кытай менен Орусия болсо Корей жарым аралындагы чыңалуунун күчөшүнө тынчыздануу билдиришти.
Түндүк Кореянын 14-майдагы жаңы сыноосу коңшу Түштүк Кореянын жаңы шайланган президенти Мун Чже Инге чакырык катары бааланууда.
Либерал саясатчы катары таанымал Му Чже Ин кызматка киришер замат Пхеньян менен мамиледеги чыңалууну басаңдатууну көздөй турганын айткан эле.
Ал Түндүк Кореянын жаңы сыноосун “акылсыз чагым” деп баалады.
Түштүк Корея менен Жапониянын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Түндүк Кореянын ракетасы Жапан деңизине кулаганга чейин жарым саатта 700 чакырым жолду басып өткөн.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасына каршы буга чейин бир нече резолюцияларды кабыл алган.
АКШ президенти Дональд Трамп Пхеньяндын сыноолорун кабыл алынгыс деп атап, анын администрациясы Түндүк Корея каршы аскерий чара колдонулушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес, бирок маселени тынчтык жол менен чечүүнү көздөрүн да билдирген.
Пхеньян божомолдорго караганда, учурда алыстыгы жагынан АКШга жете алган, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү, континенттер аралык баллистикалык ракета жасоого аракеттенип жатат. (UE)