Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Лейлекте май куюучу бекетте өрт чыкты


Баткен облусунун Лейлек районунда май куюучу бекетте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, кырсык 14-майда саат 08:15 чамасында Жаңы-Жер айыл аймагынын Кыргызстан айылында болгон. Өрт “Петрогаз” май куюучу бекетинин ашкана бөлмөсүндөгү газ баллондон чыккан.

Андан бекеттин 28,8 чарчы метри күйүп, май таратуучу колонканын желим жабдуулары эрип кеткен. Өрт күйүүчү майга жеткен эмес.

Кырсыктан Достук айылынын 1981-жылы туулган тургуну жабыркаган. Ал өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракеттенип, колу-буту жана бети күйгөн. Жакын жердеги Тажикстандын ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда миңге чукул май куюучу бекет бар. (NT)

XS
SM
MD
LG