Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Прагада кыргыз-чех бизнес-форуму башталды


Прагадагы кыргыз-чех бизнес-форуму.
Прагадагы кыргыз-чех бизнес-форуму.

Чехиянын борбору Прага шаарында бүгүн кыргыз-чех бизнес-форуму башталды. Аны уюштурган Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, иш-чарага кыргызстандык 100гө чукул делегат барган. Алардын арасында ишкерлер, өкмөт өкүлдөр бар. Жыйынга Чехия тараптан 70 компаниянын, Айыл чарба министрлигинин, Соода-өнөр жай министрлигинин жана Чех экспорт банкынын өкүлдөрү катышууда.

- Бизнес-форум биринчи жолу Прагада өтүп жатат. Буга чейинки эки форум Бишкекте өткөн. Эң башкы максат ишкерлерге Чех экспорт банкынан каражат алып, өздөрүнө керектүү технология, кызмат, шерик-өнөктөштөрдү таап, өз чарбасын жаңы деңгээлге чыгарышына шарт түзүү.

Кыргыз-чех бизнес-форуму 19-майда аяктайт. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Чехия жыл сайын 8 миллион доллардын тегерегинде соода жүгүртөт. (NT/MTo)

XS
SM
MD
LG