Чүй облустук милициясы мечиттердин биринде тартылган деген видеотасманын чоо-жайын териштирүүгө киришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Бул апрель айында болгон окуя экен. Муну негизи эч ким убагында берген эмес. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тиешелүү бөлүмү бул боюнча чараларды көргөн экен. Бирок анын видеосу чыгып кеткенине байланыштуу облустук башкармалыктыктын 10-бөлүмү ошол окуяга тиешеси бар адамдарга, мечиттердин жетекчилерине, мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бүгүн бизге алар кандай иштер жасалды, бул окуяга катышкандар кимдер экени тууралуу толук маалымат берилет. Териштирүү иштеринен кийин сөзсүз чаралар көрүлөт.
13-майда жарыяланып, бир мүнөткө жетпеген видеотасма интернет колдонуучулардын катуу талкуусуна түштү. Анда мечиттин короосунда сүннөт кийимчен 20 чакты адам жүргөнү, алардын ичинен олбурлуу, орто жаштагы бир адам башка бирөөнү урганы, андан кийин экинчи адамга да кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Видеодо кол көтөргөн адамга жанындагылар "Баатыр" деп кайрылып жатышканы да угулат.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул окуя Чүй облусундагы мечитте болгонун билдирип, муну эки адамдын өз ара пикир келишпестиги катары сыпаттады. Чатакташкандар элдешип алганын маалымдады. (EBM)