Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Иран: Хатами мекендештерин Роуханиге добуш берүүгө үндөдү


Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами.
Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами.

Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами мекендештерине мына ушундай мазмуундагы кайрылуусун интернет аркылуу жолдоду.

1997-2005-жылдары президент болгон Хатамиге салттуу медиага чыгуусуна Ирандын сот бийлиги тарабынан тыюу салынган.

Ал өзүнүн видео кайрылуусунда 19-майдагы шайлоодо Роуханиге добуш берүү “ой-пикир эркиндигин, мыйзамдын иштөөсүн, жарандардын укуктары, социалдык жана экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоону” колдоо экенин белгилейт.

Президент Хасан Роухани азыр экинчи төрт жылдык мөөнөтүнө шайланууну көздөөдө. Анын беш атаандашы бар.

Алдыдагы президенттик шайлоо байистүү саясатчы катары саналган Роуханин дүйнө державалары Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты жөнгө салууну караган макулдашууга жетишкен саясаты үчүн референдум катары да каралууда. (UE)

XS
SM
MD
LG