Жол оңдоодо алешемдиктерге орун бергени үчүн кызматтан алынды деп расмий жарыяланган кызматкерлер ордунда иштеп жатканын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттык" радиосуна ырастады. Анын айтымында, Жол чарба департаментинин директорунун эки орун басары Шабдан Иманкулов менен Жумаш Сооданбаев, №1 аймактык жол чарба бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Аманов өз орундарында иштеп келген. №1 жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов жана анын башкы инженери Куштарбек Аманов гана кызматтан кеткен.
Буга чейин интернетте жолчулардын жолдун жыртык-тешиктерин суу менен ылайдан тазалабай туруп, үстүнө асфальт төшөгөн учуру тартылган видео интернетке жарыяланган. Тасма Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда жайгашкан Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолун оңдоо маалында тартылганы, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун иш сапарына байланыштуу жымсалдоо аракети көрүлгөнү ачыкка чыккан. 10-апрелде өкмөт башчы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду чакырганда ал кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча беш жетекчи кызматынан алынганын, дагы төртөө сөгүш алганын билдирген.
Кылычбек Досумбетов мекеменин алдындагы Байкоочу кеңеш үч жетекчинин тажрыйбасын жана кесипкөйлүгүн эске алып, ордунда калтырууну сунуштаганын маалымдады. Аларга сөгүш жарыяланып, кызматтан кеткен эмес.
Өткөн айда өкмөт быйыл район борборлорундагы жолдорду оңдоого жалпы 750 миллион сом бөлүнөрүн кабарлаган. (KJ/NT)