Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Киберчабуулда 150 өлкөдөн 100 миңдей мекеме-уюм бутага алынды


Бул тууралуу Европанын полиция агенттиги – Европол билдирүүдө. Алардын эсебинде, 12-майда башталган кибер чабуулда дүйнө боюнча 100 миңдей мекеме-уюм бутага алынып, 200 миңдей адам зыян тартты. 150дөй өлкөдө банкттардын, дүкөндөрдүн, ооруканалардын, мектептердин, өкмөттүк мекемелердин иштери үзгүлтүккө учурады.

Европол маалымдагандай, буга жоопкерлерди табуу үчүн эл аралык издөө жүрүп жатат.

Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Кытайда киберчабуулдан төлөм системалары, өкмөттүк кызматтардын иши үзгүлтүккө учураган. Бийликтер киберчабуул али уланып жатканын, бирок кубаты кыйла басаңдаганын айтууда.

Жапонияда Hitachi жана Nissan фирмалары бутага алынган, бирок алардын бизнес операциялары олуттуу жабыркаган эмес.

Жабыр тарткандар арасында АКШнын FedEx компаниясы, Европадан автоунаа чыгаруучу заводдор, Испаниянын Telefonica компаниясы, Британиядан Саламаттыкты сактоо кызматы, Германиянын темир жол түйүнү да бар.

Орусиядан Ички иштер министрлигинин компьютерлик серверлери, банк жана темир жол системасы бутага алынган, бирок бийликтердин ырастоосунда анчалык чоң маселе чыккан эмес.

Акчаны интернет аркылуу урдоонун эң ири схемасы катары каралып жаткан киберчабуулда хакерлер тарабынан WannaCry деген компьютерлик вирус программа колдонулган. (UE)

XS
SM
MD
LG