Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:08

Ала-Букада санарип жетпеген айылда аналог да тартпай калды


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылынын жарымында 15-майда аналогдук телеканалдар да тартпай калды. Бул тууралуу жеринен "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдирди. Аталган айыл санарип сигналы жетпеген 326 кыштактын бири. Эреже боюнча, санарип жабдуулары орнотулганча андай жерлерде аналог өчүрүлбөшү керек эле.

Аймакка барган журналисттер Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Жаркынбек Алчынбаев менен үйлөрдү кыдырып, 350 кожолуктун 200үндө аналог да, санарип да жок экенине күбө болушту.

Ал тапта өкмөт маалымат таратып, аталган айылда аналог өчүрүлбөгөнүн, эч кандай техникалык мүчүлүштүк жоктугун билдирди.

Айыл эли буга чейин кошумча аппарат аркылуу спутниктен КТРКны гана көрүп келген.

Жергиликтүү бийлик кошумча санариптик күчтөндүргүч жабдыгын орнотууга жай бөлүп, имарат курулган. Азырынча орнотула элек.

Кыргызстан боюнча санарип сигналы жетпеген 326 айылдын алтоо Ала-Бука районунда жайгашкан.

Өкмөт буга чейин сигнал жетпеген айылдарда кошумча санарип жабдыктары коюлганча аналогдук берүүлөр өчпөй турганын билдирген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын 95 пайызында 15-майга караган түнү аналог көрсөтүүлөр өчүрүлүп, санарипке өттү. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG