Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ат-Башы: Казыбек айылына көпүрө салуу талап кылынды


Ат-Башы районунун Казыбек айылы.
Ат-Башы районунун Казыбек айылы.

Ат-Башы районунун Казыбек айылында элүүдөй киши бүгүн айыл өкмөт имаратынын алдына чогулушту. Алар коңшу айылга, кыштоодогу сарайларга барчу жолдогу көпүрөнү калыбына келтирүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылышты.

Айыл этегиндеги сайдагы суу киргенине байланыштуу аркы өйүздөгү жыйырмага чукул малчынын балдары мектепке кыйынчылык менен каттап, дарыяны кечип өтүп жатканын билдиришти.

Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Бекболот Мамытов көпүрөнү оңдоо үчүн райондук жол тейлөө ишканасына кайрылганын, алар долбоор даярдап жатканын, эгер бюджеттен акча каралса, кийинки жылы куруларын маалымдады.

Казыбек айылындагы бул көпүрөнү былтыр суу алып кеткен. (MiK)

XS
SM
MD
LG