Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Атамбаев Си Цзинпин менен расмий жолугушуу өткөрөт


Эки мамлекет башчынын 2015-жылдагы жолугушуусу.
Эки мамлекет башчынын 2015-жылдагы жолугушуусу.

Бээжиндеги "Бир алкак - бир жол" эл аралык форумуна барган президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен расмий жолугушуу өткөрөт. Сүйлөшүүнүн өзөгүн эки тараптуу кызматташуу маселеси түзөрүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.

14-майда башталган эки күндүк экономикалык форумга 20дан ашуун өлкө лидерлери, 110 мамлекеттин өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш катышты. Анда Кытай сунуштаган Жаңы Жибек жолу долбоорун ишке ашыруу талкууланды.

Форумдун алкагында Атамбаев сөз сүйлөп, Жаңы Жибек жолу долбоорун ишке ашырууда Кытайдан Европага чейинки санарип байланышты Кыргызстан аркылуу курууну сунуштады. Өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы тууралуу айтып, "Таза коом" программасы жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары жаңы Жибек Жолунун алкагында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун Бишкек колдой турганын айтты:

- Бул жол Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана Перс булуңундагы, Тынч океандагы портторго түз жана ыңгайлуу чыгууга өбөлгө болот. Бул долбоор «Бир алкак – бир жол» концепциясынын түпкү максаттарына шайкеш келет, - деди президент.

Кытай мамлекет башчысы Си Цзинпин өз өлкөсүн Африка, Азия, Европа менен темир жана кара жолдор, порттор, индустриялдык парктар аркылуу байланыштырууну караган план үчүн кошумча 124 миллиард доллар бөлүүнү убада кылды. (SE)

XS
SM
MD
LG