Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Эл аралык масштаб алган киберчабуул басаңдады


НАТОнун Таллиндеги кибер коопсуздук борбору. 26-апрель, 2017-жыл.
НАТОнун Таллиндеги кибер коопсуздук борбору. 26-апрель, 2017-жыл.

Бул тууралуу Азия, Европа, АКШдан келген соңку маалыматтарда айтылууда.

Кошмо Штаттардан президент Дональд Трамптын ички коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Боссерт Эй-Би-Си телеканалына аларда соңку киберчабуул көзөмөлгө алынганын билдирген.

Европада да кырдаал турукташканын полиция агенттиги - Европолдун өкүлдөрү айтууда.

Ал эми Британиянын саламаттыкты сактоо министри Жереми Хант “соңку маалыматтар боюнча биз чабуулдун экинчи толкунуна күбө болгон жокпуз, кылмыштуу ишмердиктин деңгээли да биз күткөндөн төмөн болду",- деп белгиледи.

Буга чейин киберчабуулда 150 өлкөдөн 100 миңдей мекеме-уюм бутага алынганы белгилүү болгон.

Европолдун эсебинде, 12-майдан тарта башталган киберчабуулда дүйнө боюнча 100 миңдей мекеме - уюм бутага алынып, 200 миңдей адам зыян тартты. 150дөй өлкөдө банктардын, дүкөндөрдүн, ооруканалардын, мектептердин, өкмөттүк мекемелердин иштери үзгүлтүккө учурады.

Европол маалымдагандай, буга жоопкерлерди табуу үчүн эл аралык издөө жүрүп жатат.

Акчаны интернет аркылуу уурдоонун эң ири схемасы катары каралып жаткан киберчабуулда хакерлер тарабынан WannaCry деген компьютердик вирус-программа колдонулган. (UE)

XS
SM
MD
LG