Президент Дональд Трамптын администрациясы Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн түрмөдөн миңдеген адамдарды массалык түрдө өлтүрүп, алардын сөөктөрүн борбор Дамасктын сыртындагы чоң крематорийде өрттөгөнү үчүн айыптады.
АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы дипломаттарынын бири Стюарт Жонстун айтымында, Вашингтон ишенимдүү гуманитардык уюмдардан жана өлкөнүн чалгын жамаатынан алган маалыматтар Дамасктан 45 мүнөттүк жолдо жайгашкан Саедная аскерий түрмөсүндө күн сайын 50дөй адам дарга асылып турганын ишара кылууда.
Жонс абакта өмүрү кыйылган сириялыктардын так санын айткан жок, бирок эл аралык Мунапыс уюмунун быйыл февралдагы баяндамасына шилтеме жасады. Анда аталган түрмөдө 2011-2015-жылдардын аралыгында өлтүрүлгөн адамдардын саны 5 миңден 11 000ге чейин жетери көргөзүлгөн.
Департамент түрмө комплексинин крематорийге ылайыкташкан имаратынын жаңы сүрөттөрүн да жарыялады.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Стюарт Жонс белгилегендей, алардын ишениминде “крематорийдин курулушу Саедная түрмөсүндөгү массалык кыргынды жаап-жашыруу аракетинде жасалган”.
Спутниктен 2013-жылдан бери тартыла баштаган сүрөттөр түрмө комплексиндеги имарат накта крематорий экенин далилдебейт, бирок курулуштун түзүлүшү ошол максатка ылайыкташканын көрсөтүүдө.
АКШ дипломаты Сирия өкмөтү беш киши отурчу камераларда 70ке жакын адам кармаларын да белгиледи.
Расмий Вашингтондун мындай айыптоосу Женевада БУУ демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталардан бир күн мурда жасалды. Сүйлөшүүлөр шейшемби күнү башталат. (UE)