Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:41

Жапониянын Toyota автоконцерни алдыдагы бир жарым жылда учуучу автоунаа чыгарат. Анын бет ачары 2019-жылдын январында болуп, алгач ирет учурулмакчы.

NHK телекомпаниясына таянып, Новости агенттиги маалымдагандай, Toyota компаниясы долбоорду боюнча изденүү иштерине 42 миллион иен (болжол менен 370 миң доллар) сарптайт.

Учкучсуз дрон жасоо принцибинде курала турган унаанын төрт тарабында экиден, жалпысы сегиз канаты болот.

2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиаданын оту учуучу машинеден күйгүзүлөт.

XS
SM
MD
LG