Баткен облусунун Айдаркен шаарында 15-майда сел жүрүп ондон ашуун үйдү жана короону суу каптады. Эки электр мамысы кулап түштү. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кечки саат ондордо кырсык болгон жерге барып, сел кирген үйлөрдү көрүп, тургундар менен жолукту.