Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:37

Жалал-Абадда "Мекеним Кыргызстан" партиясынын штабы өрттөндү


"Мекеним Кыргызстан" партиясынын штабы.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Жалал-Абад шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан аймактык штабына 16-майга караган түнү белгисиз адамдар өрт койгон.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, өрттү имарат жанындагы адамдар көрүп калып өчүрүшкөн. Андан соң милицияга кабар беришкен. Өрттөн имарат сыртындагы баннер жана эшик-терезелер күйүп кеткен. Үйдүн жанынан бензин куюлган бөтөлкө табылган. Милиция өрттүн чоо-жайын иликтеп жатат, келтирилген чыгымдар такталууда.

28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ага КСДП, "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары ат салышууда. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG