Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:52

Эки лидердин Ак үйдөгү бүгүнкү кездешүүсү Сириядагы согуш боюнча эл аралык татаал жана ургалдуу дипломатия жүрүп жаткан учурга туш келүүдө.

АКШ да, Түркия да Сирия президенти Башар Асадга каршы оппозициядагы күчтөрдү колдойт, бирок Вашингтон менен Анкаранын ортосунда жаңжалдын башка айрым аспектилери боюнча пикир келишпестик бар.

Маселен, Дональд Трамп менен бүгүнкү жолугушуусунда Режеп Тайип Эрдоган АКШдан Сириядагы күрт козголоңчуларына курал бербешин талап кылары күтүлүүдө.

Сириядагы күрт кошуундарын Вашингтон “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштөгү өнөктөш, Анкара болсо аларды террорчу жана өзүндөгү күрт согушкерлери менен байланышы бар деп эсептейт.

Эрдоган Вашингтондо түркиялык диниятчы Фетхуллах Гүленди экстрадициялоо маселесин да көтөрөрү күтүлүүдө.

Расмий Анкара Гүленди былтыр июлдагы аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыптаган. Ал эми Гүлен түрк бийликтеринин мындай дооматтарын четке каккан болчу.

АКШда былтыр теги боюнча түркиялык-ирандык бай ишкер Реза Зарраб камакка алынган эле. Ал Иран менен соода кылууда Кошмо Штаттардын санкцияларын бузган деп күнөөлөнүүдө.

Ишкердин бошотулушу үчүн лоббистик кылып жаткан Эрдоган Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө мына ушул маселени да көтөрөрү күтүлүүдө.

Реза Заррабдын адвокаттары быйыл февралда Эрдоган менен жолугуп кетишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG