Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:04

УКМК Текебаевдин ишин Башкы прокуратурага жөнөттү


Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган акциялардын бири

УКМК парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин Башкы прокуратурага жиберди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Эми Башкы прокуратура ишти карап, анан сотко өткөрүшү керек. Адвокат Чынара Жакыпбекова Өмүрбек Текебаев тергөө материалдарынын эки тому менен гана таанышууга жетишкенин, жалпысынан ал жети томдон турарын "Азаттыкка" билдирди:

- Биз толук таанышканга үлгүргөн жокпуз. Өмүрбек Чиркешович "тааныштым" деп кол койгон жок. Жети томдун экөө менен гана тааныштык. Мыйзам боюнча баары менен таанышып чыгышыбыз керек эле.

Башкы прокуратура Текебаев ишин кайсы сотко, качан өткөрөрү, сот отурумдарынын ачык же жабык өтөрү белгисиз. 12-майда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов териштирүү жабык өтөт деп билдирген.

Бишкек шаардык соту 4-майда Текебаевдин адвокаттарынын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча доо арызын карап, Биринчи май райондук сотунун камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип, быйыл 26-февралда кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Өмүрбек Текебаевге айыбын УКМК тергөө материалдарына таянып, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча 21-апрелде угузулган. Ага байланышы бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, сот ага да Текебаевге чыгарылгандай чечим кабыл алган.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG