Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Орусия, Дания, Норвегия, Швециядагы элчиси кызматын айкалыштырып иштөөгө Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырды.
Азыр Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеген Болот Отунбаев мындан ары Москва шаарында жайгашкан кеӊсесинде туруп Кыргызстандын Дания, Норвегия, Швециядагы элчиси милдетин да аткарат. (NT)