Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кыйноого кабылгандар үчүн реабилитациялык борбор Ошто да ачылат


Бишкекте кыйноолорго каршы ачылган "Альтер-Эго" реабилитациялык борборунун филиалын Ош шаарында да ачууга аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

2007-жылдан бери "Азаттык үнү" коомдук фондунун базасында атайын программа катары ишке ашырылган долбоор эми реабилитациялык борбор катары иштей баштады. Борбордун бет ачары 16-майда болду. Ал жерде негизги көңүл кыйноого кабылгандарга психикалык жардам берүүгө бурулат. Каржылык көмөктү БУУ, Евробиримдик жана башка эл аралык уюмдар берүүдө.

Кыйноого кабылгандар Бишкек шаарынын Киев көчөсү, 69\4 дарегине кайрылса болот. Телефону 0 312-91-04-07.

Кыргыз бийлиги өлкөдө кыйноолор азайганын айтып келет. Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары абактарда кыйноого кабылуу фактылары токтобой жатканын белгилейт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, күч орган кызматкерлери көбүнчө тергөө учурунда кыйноо колдонушат. Акыркы жылдары мындай окуялардан улам бир канча милиционерлер жазага тартылган. (SE)

XS
SM
MD
LG