Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Ирандын вице-президенти да президенттик жарыштан чыкты


Эсхак Жахангири Тегерандагы өнөктүктө. 13-май, 2017-жыл.
Эсхак Жахангири Тегерандагы өнөктүктө. 13-май, 2017-жыл.

Эсхак Жахангиринин президенттик жарыштан чыкканы бүгүн белгилүү болду жана ал мындай кадамды учурдагы президент Хассан Роуханинин пайдасына жасады.

Жергиликтүү “Тасним” маалымат агенттиги жазгандай, ал бүгүн Фарс провинциясындагы жактоочулары менен жолугушууда “мен өз милдетимди аткардым деп сезем, силер менен бирге Роухани үчүн добуш берем”,- деп билдирген.

Ирандын учурдагы президенти Хасан Роухани экинчи мөөнөткө шайланууну көздөөдө. Жарышта эми андан башка да үч талапкер калды.

Кечээ Тегерандын мэри, консерватор саясатчы Бакир Калибаф өз талапкерлигин Роуханинин башкы атаандашы, динаятчы Ибрахим Раисинин пайдасы үчүн алып койгон.

Алдыдагы президенттик шайлоо байистүү саясатчы катары саналган Роуханинин дүйнө державалары менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты жөнгөрүүнү караган макулдашууга жетишкен саясаты үчүн референдум катары да каралууда. Шайлоо 19-майда өткөнү турат. (UE)

XS
SM
MD
LG