Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйынга чогулат


Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши бүгүн Бишкекте жыйынга чогулат. Анда партиянын ишмердиги, келечек пландары талкууланары кабарланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жыйында көтөрүлчү маселе алдын ала ачык айтылбай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Бирок расмий бышыктала элек маалыматтарга ылайык, партиядан президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлүшү ыктымал.

Спикер 16-майда Sputnik радиосуна курган маегинде КСДПдан президенттикке ат салышууга татыктуулар көп экенин, алардын бири өзү болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Коомчулукта өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкер болору тууралуу да аңыз кеп айтылып жүрөт. Бирок аны партия бышыктай да, төгүндөй да элек.

Партиянын саясий кеңешинде Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган 36 мүчөсү бар. (SE)

XS
SM
MD
LG