Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Евробиримдик качкындар боюнча Польша менен Венгрияга талап койду


Грекиядагы качкындар лагери
Грекиядагы качкындар лагери

Евробиримдик Польша менен Венгрияны май айынын ичинде качкындарды кабыл алууга милдеттендирди. Талап аткарылбаса, Брюссель эки мамлекетке айып саларын эскертти.

2015-жылы Сирия, Ирак, Эритреядан качып чыгып, чөлкөмдөн башпаанек сураган 160 миң бозгунду кабыл алуу чечимине Чыгыш Европа мамлекеттери каршылык билдирип келет. Башпаанек сураган мигранттар азыр Грекия жана Италияда.

Еврокомиссиянын мигранттар маселеси боюнча комиссары Димитрис Арамопулос Страсбургда журналисттерге сүйлөп жатып, "мен бир да бозгунду кабыл албаган Польша менен Венгрияга кайрылып, муну тез арада жасоого чакырам", деди жана бул акыркы эскертүү экенин белгиледи.

Польша премьер-министри Беата Шидло бул эскертүүдөн чоочубай турганын, өлкө мурдагы көз карашында кала берерин билдирди.

Эрежеге ылайык, Брюссель Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кай бир талап менен кат жөнөтөт. Ал аткарылбаса, Европа сотуна кайрылып, айыпка тартат.

2015-жылы Грекия менен Италияга миллиондон ашуун мигранттар барган.

XS
SM
MD
LG