Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Москвада өзбек мигранттарга айдоочулук квота берилери төгүндөлдү


"Мосгортранс" уюму Орусия баш калаасында автобус айдоочулугу үчүн өзбекстандык мигранттар тандалып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Мурдараак Өзбекстандын Эмгек министрлиги Фейсбуктагы баракчасында "Москвада айдоочу болуп иштегиси келген өзбекстандыктар үчүн тандоо сынагы жарыяланганын, андан өткөн 1000 адамга 43 миңден 60 миң рублге чейин маяна берилерин" кабарлаган эле.

"Мосгортранс" мекемеси бул кабарды четке кагып, айдоочулардын 50 пайызы москвалыктар, калганы Орусиянын башка аймактарынын тургундары экенин билдирди.

Өзбекстандан Орусияга барып иштеп жаткан мигранттар саны ар түрдүү булактардын эсебинде 2,5 миллиондон 5 миллионго жетет.

XS
SM
MD
LG