Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Ноокенде балдардын уулануу себеби аныктала элек


Ноокен районунун аймактык ооруканасы.
Ноокен районунун аймактык ооруканасы.

Парламентте бүгүн “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы окуучулардын ууланышына байланышкан маселе көтөрүлдү.

Депутаттардын суроолоруна саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жооп берди. Анын айтымында, жалпысынан 1-11-класста окуган 31 бала жабыркап, ооруканага түшкөн. Бирок алардын абалынын начарлашына эмне себеп экени аныктала элек, ууланган деп айтууга негиз жок. Балдар суудан ууланган деген божомол ырасталган жок, азыр ооруканада алты бала жатат:

"Калган балдар үйлөрүнө чыгарылган. Алардын абалы канаатттандырарлык", - деген Олег Гориндин жообу бир нече эл өкүлүнүн нааразылыгын жаратты.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Айтмамат Назаров үйлөрүнө чыккан балдар кайра эле ооруканага кайрылып жатканын айтып, аларга диагноз дале коюла элек деп министрликти сынга алды. Мекеме менен элдин маалыматы карама-каршы чыкканын, айылда 54 бала ууланганын билдирди. Горин бул маалымат текшерилерин маалымдады.

Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылында Назир Токторбаев атындагы №5 орто мектептин окуучулары 12-майда белгисиз заттан уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. Алар суудан ууланган болушу мүмкүндүгү айтылган. Окуучулар мектеп кампасындагы суудан ичип, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөсүн жешкенин айтып беришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG