Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Жалал-Абадда Элдик курултайдын жыйыны өтүүдө


Жалал-Абад шаарындагы жыйын.
Жалал-Абад шаарындагы жыйын.

"Элдик курултай" кыймылынын жыйыны Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы театрда өтүп жатат. Ага 100гө чукул адам катышууда. Жыйындын жүрүшүндө кыймылдын мүчөсү Кадыр Кошалиев Элдик Курултай институтун мыйзамдаштыруу керектигин билдирди.

Катышуучулар паспорттон "улуту" деген графаны алып салууга каршылыктарын айтышты. Уюштуруучулардын билдиришинче, мындай жыйындар бүгүн бардык облустарда уюштурулган.

21-майда Бишкекте республикалык жыйын өтөт.

Өткөн айда Бишкекте өздөрүн Улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзүшкөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG