Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:58

Бишкекте 28-апрелде өздөрүн Улуттук мекенчил күчтөр деп атаган бирикменин уюмдашуу жыйыны өттү.

Ага он чакты партиянын, кыркка чукул коомдук бирикменин өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жарандык активисттер катышты.

Жыйында Элдик курултай институту тууралуу сөз болду жана соңунда меморандумга кол коюлду. Элдик курултай институтун жандандыруу максатында Баш мыйзамды өзгөртүү, кошумча мыйзам долбоорлорду кабыл алуу зарылдыгы айтылды.

Уюмдашуу жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында Туруктуу элдик кеңеш түзүлдү. Ушул айдын башында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Элдик курултайды жандандыруу тууралуу оюн айткан эле.

Эл бийлигин партиялар энчилеп алды

Кыргызстандагы конституциялык реформанын көйгөйлөрү адистин көзү менен.

Өздөрүн Улуттук мекенчил күчтөр деп атаган бирикменин уюмдашуу жыйында Элдик курултайды жандандыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Эң ириде Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу айтылды. Ага ылайык, Кыргызстан эли өз бийлигин элдик курултайларда да жүзөгө ашыра алат, курултайда кабыл алынган чечимдер сунуш катары эмес, милдеттүү түрдө аткарылышы керек деген жоболор киргизилиши керек.

Улуттук мекенчил күчтөрдүн курултайын уюштуруу тобунун төрагасы, саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Элдик курултай элдик бийликтин эң жогорку багыттоочу жана көзөмөлдөөчү органы болушу зарыл:

- Элдик курултай 2009-жылы бийликтин куралына айланып кала жаздаган. Ошол кезде Бакиевдер өзүнчө курултай өткөрүп, оппозиция өзүнчө курултайга чогулган. "Дүжүрлөрдүн" курултайына айланып кетүү коркунучу болгон. Биз азыр конституциялык мыйзамдар менен ушундай "дүжүр" болбогондой жол-жобо киргизүүнү сунуштап жатабыз. Ага ылайык, президенттин, парламенттин ишине ошол курултайга келген делегат жооп бербейт. Делегатты шайлаган айыл өкмөтү баа берет. Биз ушуга окшогон механизмдерди киргизишибиз керек.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Жогорку Кеңеш 2012-жылы элдик курултай тууралуу мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алган. Ошол документтин авторлорунун бири, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев элдик курултайды колдонуунун үч негизги себебин атады.

- Биз Жогорку Кеңеш элдин эмес, партиянын өкүлүбүз. Кыргызстан элинин үч гана пайызы партиянын мүчөсү, бул 200 миң гана киши дегенди билдирет. Калган 6 миллион киши партиянын мүчөсү эмес. Ошол 200 миң киши бийликти монополия кылып алганы туура эмес. Экинчиден, бийликтин эң негизги касиети - бул өкүлчүлүк. Мисалы, акыркы он жылдан бери Ак-Талаа, Тогуз-Торо деген райондордон бир дагы депутат шайлана элек. Бул калыстык эмес да. Кантип Кыргызстандын региондорунун баарынын өкүлү болбогон парламент кыргыз элинин парламенти боло алат? Үчүнчүсү - саясатчылардын 99 пайызы Бишкекте, борбордо жашайт. Алар айылдарга шайлоолордо эле барат.

Элдик курултай тууралуу Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев "Азаттыкка" комментарий берди. Анын пикиринде, элдик курултай институту керек, бирок ал бийликтин башка органдарынын ишин чектебеши зарыл:

- Президент, парламент, өкмөт мүчөлөрү эл алдына чыгып отчет берип турушу керек. Бул - мезгилдин талабы. Мен курултай институтун колдойм. Бирок бул институт Жогорку Кеңештин ордун баспашы керек. Ошон үчүн мыйзам чегинде дагы тактап, ушундай жакшынакай институтту белгилеп койсок зыян болбойт. Бирок анын чечимдер милдеттүү түрдө аткарылсын дегенди дагы карап чыгуу керек. Балким Жогорку Кеңеш карай албай турган кайсы бир олуттуу маселени референдумга алып чыкпай, ошол тууралуу курултайда чечим кабыл алынса, аны аткаруу милдеттүү деген шарт киргизүү мүмкүн. Бирок кылдат болушубуз керек, Баш мыйзамда президент, парламент, өкмөт деп милдеттер так жазылган, бийлик бөлүштүрүлгөн. Биз башаламандыкка алып келип албашыбыз керек.

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Ушул айдын башында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Элдик курултай тууралуу пикирин билдирген. Ал Жогорку Кеңешти сынга алган жана кошумча чара катары элдик курултай институтун колдонууну сунуштаган болчу:

- Парламентке партиялык тизме менен шайлануунун чоң утуш жактары менен катар чоң кемчилиги да болду. Депутаттар көп учурда өлкөнүн, айрыкча айылдын, элеттиктердин маанилүү маселелерин талкуулабастан көп убактысын партиялык маселелерди чечүүгө короторун убакыт көрсөттү. Биз парламент кайсы бир депутаттын кылмыш ишин, же болбосо президенттин айланасындагы ушак-айыңды жумалап талкуулап жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан мен Баш мыйзамдын элдик курултай тууралуу 52-беренесин колдоно баштоону сунуштайм. Өзүңөр билгендей, Монголияда парламенттин өзү Хурал - Курултай деп аталат. Биз дагы айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнөн куралган чыныгы элдик курултай кыла алабыз. Бүткүл элдик курултай региондордун, айылдардын кызыкчылыгын көздөмөк. Курултайды жылына бир-эки жолу өткөрүп, анда кабыл алынган чечимдерди бийликтин бардык бутактары, анын ичинде өкмөт, парламент милдеттүү түрдө карап чыккыдай кылса болот.

Президент жана анын аппараты элдик курултайга байланыштуу мындан башка комментарий бере элек. Ал арада өздөрүн Улуттук мекенчил күчтөр деп аталган бирикме жер-жерлерде курултай өткөрүүнү, туура бир айдан кийин Бишкекте бүткүл республикалык элдик курултайга чогулууну пландап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG