Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:09

Карамушкина: Украинаны шылдыңдаган билдирүү жасаган жокпуз


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Украина президенти Петр Порошенконун жарлыгы тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып билдирди:

- Мен Порошенконун аракетинен көңүлүм калды. Мындай аракет менен ал өлкөсүнө, элине карата жылуу мамилени жок кылып жатат. Мыйзамга каршы келген эч кандай кадам жасаган жокмун. Марат Аманкулов экөөбүз Украинаны шылдыңдаган, кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жасаган жокпуз. Ал жакта жөнөкөй эл менен базардан, көчөдөн жолугуп кандай ойдо экенин сурап жаттык. Себеби биз бүгүн Крым кандай жашап жатканын өз көзүбүз менен эле көрөлү дегенбиз. Биз бул сапарды жашырган деле эмеспиз.

Буга чейин Украина президентинин сайтында Жогорку Кеңештеги социал-демократтар Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүктөрдүн катарына кошулганы жарыяланган. Порошенконун тиешелүү жарлыгы быйыл 28-апрелде чыккан. Анда кыргызстандык эки депутатка Украинага виза берилбей турганы, алдыдагы беш жыл аралыгында өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынары жазылган.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын парламент жетекчилиги быйыл 20-мартта кыргызстандык депутаттар менен жолукканын, анда бул жердин Орусиянын аймагы катары легитимдүүлүгү, Крым-татарлары тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

Ага чейин депутат Карамушкина жарым аралга жеке сапары менен барышканын, чыгымды Марат Аманкулов каржылаганын билдирген. Аманкулов муну бышыктап, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан.

Кыргыз коомчулугунда социал-демократ депутаттардын сапары кызуу талкууланып, Карамушкинанын Фейсбукка "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деп жазганы сынга алынган.

27-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык билдирген болчу.

Жарым аралды 2014-жылдын мартында Орусия өзүнө каратып алган. БУУнун Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деген резолюциясын жүздөн ашуун өлкө колдогон. Кыргызстан добуш берүүдөн карманган. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG