SpaceX компаниясы учактарды Wi-Fi менен камсыздай турган спутникти ааламга учурду.
Шейшембиде Флорида штатынын Канаверал тумшугунан учурулган Inmarsat-5 F4 спутниги "Боинг" компаниясы тарабынан куралган. Салмагы жети тоннадан ашкан бул аппарат буга чейин интернет жетпей келген аймактардын баарын Wi-Fi менен камсыздай турган жаңы муундагы телекоммуникация спутниги болуп саналат. Маселен ал жогорку ылдамдыктагы зымсыз интернет менен учактарды жана кемелерди камсыздайт. Спутник ааламга Falcon 9 ракета ташуучу аппаратынын жардамы менен көтөрүлдү.