Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:29

Текебаевдин адвокаты УКМКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды


Бишкектеги Өмүрбек Текебаевди колдоо акцияларынын бири.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакыпбекова УКМКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу адвокат "Азаттык" радиосуна ырастады. Анын айтымында, айыпталуучу тарап Текебаевге байланышкан иш менен таанышууга жетишпей калганына карабай, УКМК аны Башкы прокуратурага өткөрүп койгондуктан тергөө тобунун аракетине даттануу жолдонду:

- Иш менен толук таанышканга үлгүргөн жокпуз. Бирок ишти андан ары сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жиберип коюшту. Ошондуктан биз буга нааразылык иретинде Башкы көзөмөл органына кайрылдык.

Чынара Жакыпбекова кошумчалагандай, иштин материалы жети томдон турат. Камактагы депутат жана адвокаты анын экөө менен гана таанышып чыккан. Мыйзам боюнча айыпталган тарап иш менен толук таанышып чыгууга тийиштигин айткан адвокат Өмүрбек Текебаев ага кол койбогонун белгиледи.

УКМК иш Башкы прокуратурага 16-майда өткөрүлгөнүн маалымдаган. УКМК жана Башкы прокуратура азырынча адвокаттын кайрылуусу боюнча комментарий берише элек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG