Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

УКМК: Текебаевдин иши менен таанышуу атайын создуктурулду


Өмүрбек Текебаев.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал тергөө иштери 25-апрелде аяктаганын, айыпталып жаткан камактагы депутат, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго жана алардын адвокаттарына материалдар ошондо эле берилгенин кошумчалады:

- 2017-жылдын 25-апрелинде тергөө иш-чаралары аяктап, жазык-процессуалдык мыйзамдардын талаптарына ылайык, айыпкерлер Текебаев, Чотоновго жана алардын жактоочуларына кылмыш ишинин материалдары таанышуу жана керектүү көчүрмөлөрдү алуу үчүн берилген. Бирок Текебаев, Чотонов жана жактоочулары тарабынан кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу атайын создуктурулганына байланыштуу, тергөө органы 13-майга чейин кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга убакыт чектеп, андан кийин айыпкерлерге бардык материалдардын көчүрмөлөрү берилип, иш сотко жиберилди.

УКМК ишти Башкы прокуратурага 16-майда жиберген. Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакыпбекова айыпталуучу тарап кылмыш иштин материалдары менен толук таанышууга жетишпей калганын, атайын кызмат аны Башкы прокуратурага өткөрүп койгонун айтып, муну менен мыйзам бузуу болгон деген жүйө менен УКМКнын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылганын жарыялаган. Башкы көзөмөл органы адвокаттын даттануусу боюнча комментарий бере элек. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG