Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Шайлоо мөөнөтү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда добушка жиберилди


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мыйзам долбоордо шайлоо күнүн 15-октябрга белгилөө, президенттикке талапкерлердин күрөөсүн 2 миллион сомго чейин көтөрүү, шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу сунушу камтылган.

Демилгечилердин пикиринде, азыркы мыйзамда президентти шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленген, анткени мамлекет башчынын ыйгарым укуктары ошондо токтоп, Жогорку Кеӊеш шайлоого төрт айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнүн дайындайт. Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштырып, президенттик шайлоону быйыл 19-ноябрда эмес, 15-октябрда өткөрүү сунушталууда.

Бүгүнкү жыйында босого чекти 9 пайызга көтөрүү сунушуна бир катар депутаттар каршы чыгышты.

Документти 16-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитет экинчи окууда колдогон. (NT)

XS
SM
MD
LG