Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Ош: мектептердин ремонтуна ата-энелерден акча топтолууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы элди мектептердин ремонтуна көмөктөшүүгө чакырды.

Мекеменин башчысы Авазбек Асанов билдиргендей, мамлекеттен ремонт иштерине каражат аз бөлүнүп жатат. Быйыл Оштогу 56 мектептин ремонтуна 6 миллион сом гана каралган.

Асанов бул сумма ар бир мектепке 107 миң сомдон гана туура келерин кошумчалады.

Маалыматка караганда, шаар мектептеринде ремонт үчүн деп ата-энелерден 300 сомдон 600 сомго чейин акча топтоло баштады.

Ошто 56 мектеп бар. Аларда 54 миң окуучу билим алат. (YI)

XS
SM
MD
LG