Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Путин: Ак үйдөгү жолугушуунун аудиосун берүүгө даярбыз


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Москва АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Ак үйдө болгон жолугушуусунан жаздырылган аудиону Конргесске берүүгө даяр. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 17-майда Италиянын премьер-министри Паоло Жентилони менен болгон жолугушуусунан кийин уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.

- Эгер АКШ администрациясы туура көрсө, биз Лавров менен Трамптын сүйлөшүүсүнүн жаздырылган үнүн АКШнын Сенатына, Конгрессине берүүгө даярбыз. Эгер Вашингтондогу администрация муну кааласа, албетте, - деди Путин.

Бир күн мурда америкалык медиа каражаттары ысымын атабаган булактарына таянып, Дональд Трамп 10-майда Сергей Лавров менен жолукканда Орусия менен "Ислам мамлекети" террордук уюмуна байланыштуу жашыруун маалыматтар менен бөлүшкөнүн жазышкан.

Ак үй жана мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон бул айыптоолорду дароо төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG