Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Бишкекте "Жол кыймылынын жаш инспекторлору" сынагы башталууда


"Жол кыймылынын жаш инспекторлору" сынагынын катышуучулары аймактардан Бишкекке чогула баштады. Таймаш 19-майда "Сейтек" балдар борборунда өтөрүн Республикалык патрулдук милиция башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Мелдешке жети облустан, Ош жана Бишкек шаарларынан тогуз команда катышат. Алар жол эрежелери боюнча билимдерин сынашат.

"Жол кыймылынын жаш инспекторлору" сынагы жыл сайын уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG