Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Тбилисиде ЛГБТларга каршы жүрүш өттү

Тбилисде өткөн акцияга миңдеген адамдар чогулушту.
Тбилисде өткөн акцияга миңдеген адамдар чогулушту.

Грузиянын баш калаасы Тблисиде ЛГБТ коомчулугуна каршы миңдеген активисттер 17-май Эл аралык гомофобия, трансфобия жана бифобияга каршы күнү жүрүшкө чыгышты. Алардын арасында Грузиянын Православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү да бар.

Акциянын катышуучулары колдоруна Грузиянын туусун, Православ христандарынын иконаларын көтөрүп алып Үй-бүлө биримдигинин күнүн белгилешти. Бул датаны атайын 2014-жылы Грузиянын Православ чиркөөсүнүн патриархы Илья экинчи Эл аралык гомофобия күнүнө каршы күрөшүү үчүн негиздеген.

Жүрүштүн алдында ЛГБТлардын укуктарын коргогон жүздөгөн адамдар Тбилисинин борборуна чогулушкан. Аларды полиция кызматкерлери курчоого алып, коргоп турушту.

2013-жылы Тбилисиде гей-парад өткөрүүгө аракет кылган укук коргоочулар гейлерге каршы активисттер тарабынан катуу ур-токмокко кабылышкан.

XS
SM
MD
LG