Ушул тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" футболдук клубу менен Тажикстандын "Истиклол" футболдук клубу беттешүүдө.
Оюн Азиянын футбол конфедерациясынын 2017-жылдагы кубогунун тайпалык тандоо мелдештеринин алкагында өтүп жатат. Оюн Бишкек убакыты боюнча саат 19:00 дө башталды. Азырынча 0:1 эсебинде "Истиклол" оюнчулары алдыда. Оюндун жүрүшү аталган клубдардын Твиттердеги аккаунттарында текст түрүндө баяндалууда.
Бүгүн, 17-майда Түркмөнстандын Балканабад шаарында "Алтын Асыр" клубу менен Ош шаарынын "Алай футболдук клубу беттешет. Беттеш Бишкек убакыты боюнча саат 20:00дө башталат.
Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары АФК-2017 тайпалык тандоо мелдештеринде Тажикстандын "Истиклол" жана Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубдары менен бирге "D" тайпасында ойноп жатат. Беттештер 31-майга чейин уланат.
Төртүнчү турдагы оюндардан кийин "Истиклол" менен "Алтын Асыр" 10 упай менен алдыңкы катарда. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү орунда. "Алай" клубунда азырынча упай жок жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Биринчи турдагы оюнда "Алай" "Алтын Асырга" 1:2 эсебинде утулган. "Истиклол" "Дордойду" 2:0 эсебинде жеңген. Экинчи турда "Дордой" "Алай" клубун 1:0 эсебинде утса, "Алтын Асыр" "Истиклол" таймашы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 3-турда "Дордой" "Алтын" Асырга 2:0 эсебинде жеңилсе, "Истиклол" "Алай" клубун 3:1 эсебинде уткан.
4-турда Ошто өткөн оюнда "Алай" өз талаасында "Истиклолго" 1:4 эсебинде утулду. Балканабадда болгон беттеште "Алтын Асыр" "Дордой" оюнчуларын 3:0 эсебинде жеңилүүгө туш кылган.
31-майда өз талаасында "Алай" "Дордой" клубун кабыл алса, "Истиклол" өз жеринде "Алтын Асыр" менен ойнойт.