Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Каныбек Жолчубеков Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү болду. Ал 17-майда финалдык таймашта өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 8:1 эсебинде утуп, алтын медал тагынды.
Мелдештерге катышкан Кыргызстандын делегациясынын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, 59 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Жолчубеков чейрек финалда иорданиялык Алькаде Мостафа Султан Раекти 10:0 эсебинде, жарым финалда азербайжандык Мурад Мамадовду 5:3кө жеңип алган.
Жолчубековдон сырткары бул мелдеште кыргызстандык Руслан Царев менен Үзүр Жусупбеков күмүш медал тагынышты.
71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык Руслан Царев чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдыевди 8:0, жарым финалда Ирак балбаны Аль Салихи Таха Ясин Дабираны 3:0 эсебинде утту. Алтын байге үчүн таймашта Царев ирандык Герае Мухаммадали менен беттешип жеңилип 2-орунду алды.
98 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Үзүр Жусупбеков чейрек финалда түркиялык Сулейман Демирчини 7:5 эсебинде, жарым финалда түркмөнстандык Кыяс Эсеновду жеңди. Финалда азербайжандык Орхан Нурийев менен күч беттешип 5:0 эсебинде утулуп күмүш байге алды.
80 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан дагы бир кыргыз балбаны Атабек Азизбеков коло үчүн таймашта жеңилди.
Учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байге бар. Буга чейин төрт медалды дзюдочулар алышкан. Алтын медалды Юрий Краковецкий (+100 кг.), коло байгелерди Отар Бестаев (60 кг.), Бектур Рысмамбетов (73 кг.) жана Владимир Золоев (81 кг.) тагынган.
12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майга чейин уланат. Мелдештерге 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышып, 269 топтом медал ойнотулууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу катышып жатат. Учурда медаль алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан эки алтын, үч коло байге менен 13-катарда. (ECh)