Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Канн кинофестивалынын 70-айлампасы башталды


"Эсмаэлдин элеси" фильминен кадр.
"Эсмаэлдин элеси" фильминен кадр.

Францияда эл аралык Канн кинофестивалынын юбилейлик 70-айлампасы башталды. Иш-чара 17-май күнү франциялык режиссер Арно Дерлешендин "Эсмаэлдин элеси" тасмасы менен ачылды.

Баш байге “Алтын пальма” үчүн быйыл 19 тасма ат салышат. Калыстар тобуна испаниялык режиссер жана кинопродюсер Педро Альмодовар төрагалык кылат. Жеңүүчү 28-майда аныкталат.

Канн фестивалы - дүйнөдөгү эң эски жана абройлуу киносынактардын бири катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG