Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Ооганстан: мамлекеттик телеканалдагы чабуулда алты адам өлдү


Ооганстандын Жалалабад шаарында мамлекеттик телеканалга 17-май күнкү жасалган чабуулда алты адам өлдү. Алардын төртөө имаратка бастырып кирген куралчан топ, экөө жөнөкөй тургундар. Жергиликтүү бийлик 13 адам жарадар болгонун кабарлады.

Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы билдиргендей, имаратка төрт адам чабуул коюп, экөө өзүн жардырган. Азырынча окуяга жоопкерчилик эч бир топ ала элек.

Пакистан менен чектеш бул аймакта талиптер жана "Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары бар.

XS
SM
MD
LG