Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Анжиянда балмуздакка уулангандардын саны 1500гө жетти


Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Шахрихан районунда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишиге жетти. Жүздөгөн тургундарга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Шахрихандагы ооруканада 200дөй киши жатат, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Анжиян облусундагы укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, уулангандар Шахрихандагы кафелердин биринен балмуздак жеген.

Шаарга саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери жетектеген ак халатчандар келишти.

XS
SM
MD
LG