Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

«Казахмыстын» мурдагы кызматкери сот залында өзүнө бычак урду


Казакстанда “Казахмыс” корпорациясынын кызматкери соттун чечимине макул эместигин билдирип, өзүнө бычак урду. Ал мыйзамсыз иштен алынганын билдирүүдө.

Окуя 17-майда болгон. “Казахмыс” корпорациясынын мурдагы кызматкери Жанболат Оспанов Жезказган шаардык сотунун жетекчиси менен көзмө-көз жолугушууну талап кылып, полициянын көзүнчө сот залында курсагына бычак сайып алды. Ага операция жасалып, учурда абалы канааттандыраарлык экенин жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

28 жаштагы Оспанов телефондо мындай кадамга соттун адилетсиз токтомуна каршы барганын билдирди. Буга чейин Жезказган шаардык соту аны ишке кайра алуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок апелляциялык сот бул бүтүмдү жокко чыгарып, иш берүүчүнүн арызын канааттандырган.

«Казахмыс» корпорациясы Жанболат Оспанов үч жыл мурун ишке орношконун, бирок тартип бузуп, жумушка келбей койгондугу үчүн 2016-жылы жумуштан алынганын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG