Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Тажикстанда антты бузган аткаминерлер жоопко тартылат


Тажикстан парламенти 17-майда өкмөт жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, президентке ак кызмат өтөөнү убада кылган министрлер антын бузса, жоопко тартылышат.

Мындан тышкары, аткаминерлер жана алардын үй-бүлөлөрү жыл сайын киреше жана мүлкү тууралуу декларация тапшырууга милдеттендирилди.

2016-жылы июлда президент Рахмон "Өкмөт жана парламент мүчөлөрү жөнүндөгү" мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, өкмөт мүчөлөрү Конституцияны, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарын сактоого, президенттин жарлыктарын кынтыксыз аткарууга, калыстык жана мыйзамдуулук принциптерин карманууга, эл аралык деңгээлде өлкө кадыр-баркын жогорулатуу максатында ак кызмат өтөөгө ант беришет. Анын текстин Эмомали Рахмон өзү жазган. Бирок мыйзамда антты бузуунун жоопкерчилиги каралган эмес.

Ант берүү тууралуу мыйзам 2016-жылы 22-майда референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституцияда камтылган.

XS
SM
MD
LG